Ыктыярчылар сергек жашоого үгүттөйт

Ыктыярчылар жүрүштүн алкагында облуста 5 айылга токтоп, мектеп окуучуларына «Биз сергек жашоо үчүн» темасында мастер-класстарды өтүшөт.

Уюштуруучулар белгилегендей, иш-чара сергек жашоону даңазалоо менен бирге жаштарда лидерлик сапаттарды өнүктүрүү максатын көздөйт.

Тынчтык корпусу Кыргызстандагы ишмердигин 1993-жылдан бери жүргүзүп келатат. Корпустун ыктыярчылары өлкөдөгү бардык спорттук иш-чараларга катышып турушат.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирге спорттук иш-чараларды уюштурууга жана аны өнүктүрүүгө салымдарын кошуп келишет.