Дүйнөгө түркүк болгон кесиптер

Токтоналиев Азамат - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суудан куткаруу кызматынын мыкты кызматкерлеринин бири. Сууга чөгүп кеткен адамды жети күн издөө учурунда. Бул кызматта алты жылдан бери иштейт. Сууда 80 метр тереңдикке түшө алат. Сүрөттүн автору Эсен Пратов. 

Бишкектеги "Тунук" чүчпара компаниясынын цехтеринин биринде тартылган сүрөт. Чеберлердин манты түйгөнүн карап эле отургуң келет. Даамычы, ох! Сүрөттүн автору Тамерлан Сатыбеков.

Фитнес-машыктыруучу Виталий Тарадин Кара-Балта шаарында жашайт. Ал эми сүрөттү  "Манас" спорт комплексинен Элдияр Топчубаев тарткан. 

Пол жуугучсуз турмушту элестете аласызбы..? Тазалыкты сактагандардын эмгегин барктайлы. Адилет Асылбеков тарткан сүрөт.

"Тандырчы". Бул бала Ошто Сулайман Тоонун түбүндө тандыр жасайт экен. Таң эрте кыдырып бара жатып тартып алган элем. Өзгөлөргө окшоп, эмнеге тарттың, кантип тарттың, көрсөтсөң дебеди. Тартып алайын деп суранганда унчукпай 2-3 секунд мени карап турду да, андан ары ишин улантып кала берди. Сүрөттүн автору ​Болсунбек Таалайбек уулу.

Бул менин Шейшен деген байкем. Таласта өтүкчү. Кесибин ушунчалык жактырган адам. А менин атым Кайрат. Таластын алкымындагы Көпүрө-Базар айылында төрөлгөм. 

"Медицина - адамды, ветеринария - адамзатты дарылайт" деп айтылат эмеспи. Дарыгер ординатор К. Сайдаев студенттер менен биргеликте уйга руминатордук операция жасап жатат. Жалал-Абад облусу. Автору Махабат Курманкулова.

Таржымачылыктын алгачкы кадамдары. Асел Жапарованын Кыргызстанды даңазалайм деген тилеги бар. Сүрөттүн автору Каныкей Канатбекова.

Оператор Жылдызбек Алыбаев. Оператордун жумушу ысык-суукка карабайт. Элге ушинтип кызмат кылышат. Болгон нерсе унутулуп калбаш үчүн ушундай мээнетке башын сайышат. Инара Жумабаева тарткан сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 1-Май айылынын тургуну, 1-топтогу майып, уз, чебер, менин тайенем Арзыкан Сүйөрова. Сүрөттү тарткан Мээрим Калилова.

Социалдык кызматкердин айлыгы 4750 сом. Буга карабастан, социалдык теңсиздикти жойолу деп иштеп келаткан боорукер адамдар көп. Сүрөттөгү каарман Эрматов Тайырбек, Бишкектеги Ак-Бата конушунун тургуну, 1-топтогу майып. Анын 4 уул 1 кызы бар. Чебер уста тери тигүүчү машинасы менен өз колунан жасалган буюмдарын сатып үй-бүлөсүн багып келет. Сүрөттүн автору Майрамбек уулу Канимет, БГУда 5-курста окуйт. "Элим, барсыңбы" кайрымдуулук фондунун социалдык кызматкери.

"Мугалим  -мөмөлүү дарак". Бактыбек кызы Уулкан - келечектеги филолог, кыргыз тил мугалими. Бишкек шаарындагы № 9-мектептеги практика учурунан тартылган сүрөт. Автору Бактыбек кызы Уулкан. 

Бул сүрөттөгү айым Афиныда Плака деген жерде ресторанда официант болуп иштейт. Аты Элпида Вагилис. Гректердин узо деген улуттук ичимдигин көтөрүп турат. Сүрөттү Талант Жумаев Грекияда иш менен жүргөн кезинде 2014-жылы тарткан.