Несостоявшаяся "бронза" Арсена

59 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынашкан Эралиев 15-августка караган түнү жооткотуучу беттеште кытайлык Ван Люминди жеңип алган.

Беттештин биринчи айлампасында кыргызстандык балбан атаандашы партерде турган кезде катары менен оодарып, төрт упайга ээ болгон. 

Беттеш жыйынтыгында Арсен Эралиев 4:2 эсебинде жеңишке жетип коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

3-орун үчүн  Арсен Эралиев өзбекстандык Элмурат Тасмурадов менен күч сынашты.Arsen Eraliev

Беттештин биринчи бөлүгүндө Тасмурадов 5 упай менен алдыга чыккан. Экинчи айлампада Эралиев удаасы менен атайын ыкмаларды колдонуп 6 упай топтоду. 

Өз кезегинде өзбекстандык балбан алгач бир упай, андан соң төрт упай алды. Андан кийин Эралиев жасаган аракеттер эки упайга бааланды. 

Калыстардын чечимине нааразы Арсен Эралиев.

Жыйынтыгында өзбекстандык Элмурат Тасмурадов 13:8 эсебинде жеңишке жетип Олимпиада оюндарынын коло медалын тагынды

На Олимпиаде-2016 в Рио-де-Жанейро кыргызстанский борец греко-римского стиля Арсен Эралиев боролся за бронзовую медаль, но проиграл. Но он не сдавался и показал достойный результат - 5 место.