Көчмөндүн шамдагай жана эр жүрөк сулуулары

Түрк кызы Жансет Генель жаачылардын мелдешине даярданып жатат. 18 жаштагы спортсмен кыз анда жеңишке жетишет. 
 

Кыргызстандык жаачы Аида Ахматова өз кезегин күтүп жатат. Турнирдин эрежесине ылайык катышуучулар улуттук костюмдарды кийиши керек. Алар 120 метрлик дистанциядан ат менен өтүп, үч максатты багынтышы керек. 
 

АКШнын Техасынан келген Сюзанна Винфилд аргымагы менен. Спортсмен кыздын айтымында, алар улуттук кийим тууралуу көпкө ойлонушкан. "Жергиликтүү эл (Кыргызстан) бизди Американын түпкү элдеринин кийимин киет деп ойлошуптур. Биз андай кийим менен чыга албасыбызды түшүндүрдүк. Анан комвойдун образын тандап алдык", - дейт Сюзанна.


 

Кыргызстандык Аяна Рустам аткан жебе сызып баратат. 

Улуттук кийимчен аялдар конокторду нан менен тосуп турушат. 

Каскадер кыз оюндун көркүн ачып жаткан учур. Уюштуруучулардын айтымында, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 77 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, спорттун этникалык түрүнөн 37 оюн көрсөтүшү керек. 
 

Топоз минген кыргыз аялдары эл аралап жүрөт. 


 

Атчандар оюн өтүп жаткан жерге тоонун суусун кечип өтүп баратышат. Таймаштын урааны - "Бир күч, бир дем!". 

 

Индонезиядан келген Дизи Хидаяти бийлеп жатат. 

Кыргыз жаачысы Аида Ахматованын камераны карап, жылмайып турган кези. 

Монголиянын өкүлү Бан Батар мелдешке даярданып жатат. 

Таймаштын дагы бир күнү аяктады. Аялдар боз үйдү көздөй баратышат.