Ссылки для упрощенного доступа

27 июля 2024, Бишкекское время 05:34

Болот Шер “Ата Мекен” партиясынан чыкты


Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шер эмне үчүн генерал-лейтенанттык наамдан баш тартканын негиздеп, кайрылуу таратты. “Мезгил - сот, эл - күбө” деп атаган кайрылуусу аркылуу ал июнь коогасын иликтөгө алган депутататтык комиссия Отунбаевага аны генерал-лейтенанттык наамын кайтарып алууну сунуштаганын билдирет.
Шер комиссия курамына кирген кээ бир депутаттар бул маселеде соодалашууга чейин даяр экендиктерин ачыктады. Шердин айтымында, айрым депутаттар ал мүчөлүктө турган “Ата Мекен” партиясынан “Ак Жол” партиясына байланыштуу жоопкерчилик тууралуу сөз кылбоону сунушташкан.

"Мен партиялаштарымдын колун байлагым келбейт, бул себептен генералдык наамдан баш тартып, партиядагы мүчөлүгүмдү токтоттум"- деп жазат Болот Шер. Ошол эле учурда "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Болот Шер партиядагы мүчөлүгүн убактылуу гана токтотконун "Азаттыка" билдирди. (EK)
XS
SM
MD
LG