Ссылки для упрощенного доступа

27 июля 2024, Бишкекское время 09:54

Минскиде милиция оппозициянын тарапкерлерин күч менен таратты


Президенттике талапкерлердин төртөө Андрей Санников, Николай Статкевич, Григорий Костусев жана Виталий Римашевский кармалды.

Беларустун борбор калаасындагы мамлекеттик мекемелер жайгашкан Көз карансыздык аянтында чогулган миңдеген оппозициянын тарапкерлери менен милиция кагылышып, жаракат алгандар бар болгону кабарланууда. Милиция чогулгандарды уруп-сабап, аянттан кубалап чыкты. Ага чейин миңдеген оппозиция тарапкерлери Борбордук шайлоо комиссиясы жайгашкан парламент имаратынын терезе, эшиктерин талкалап салганы кабарланган.

Оппозиция лидерлеринин бири Владимир Некляев нааразылык акциянын максаты - «Лукашенкосуз жаңы шайлоо» деп билдирген соң белгисиз бирөөлөр тарабынан токмоктолуп, ооруканага жеткирилген.
XS
SM
MD
LG