Ссылки для упрощенного доступа

27 июля 2024, Бишкекское время 06:59

Сириянын порт шаарында өлгөндөр бар


Сириянын расмий тараптары ишембиде Латакия шаарында өкмөткө каршы митингдер маалында эки киши снайпердин огунан өлгөнүн билдирди. Укук коргоочулар башкаруучу Баас партиясынын шаардагы кеңсесинин жанында коопсуздук күчтөрү элге карай ок чыгарганын кабарлашты.

Жума күнү Дараа шаарында президент Башар ал-Ассадга каршы нааразылык акциясы маалында 20 киши өкмөттүк күчтөрдүн колунан өлгөн. Ишембиде бийликтер саясий негизде эркинен ажыратылган 260 киши абактан бошонгонун билдирди.
XS
SM
MD
LG